Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Батыш өлкөлөрү Перс булуңундагы чыңалууну ар дайым күчөтүп келген.

Мындай пикирди кечээ, шаршемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жана Улуу Британиянын Иранга каршы биргелешкен билдирүүсүнө карата берген комментарийинде жазды.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс дүйшөмбү күнү Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар биргелешкен билдирүү жасап, анда Ирандын аймактагы ишмердүүлүгү жана алар атагандай «өзөктүк эскалация» «олуттуу тынчсызданууну»  жаратып жатканын билдиришкен.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде ведомстонун сайтында жарыялаган билдирүүсүндө бул айыптоолорду “негизсиз” жана “кайталануучу” деп атады.

Анын айтымында, бул билдирүү аймактагы өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттешүүнүн жана кызматташтыктын түзүлүшүнө тынчсыздангандар тараптан араздашууну жаратуу максатында жарыяланган.

Ошондой эле, дипломат Иран ар дайым аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда жооптуу ролду ойноп келгенин жана аймактагы мамлекеттерди өз ара аракеттенүүгө жана бири-бири менен диалог жүргүзүүгө чакырарын кошумчалады.

Ал аймактагы мамлекеттерге заманбап курал-жарактарды экспорттоп жаткан айрым батыш өлкөлөрү чөлкөмдөгү чыңалууга жана гуманитардык катастрофаларга айыптуу деп баса белгиледи.

“Иран ырааттуу түрдө өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин сактайт жана анын алкагында өзөктүк энергияны тынчтык максатта пайдалануудан пайда ала алат”, – деди Хатибзаде.

Комментарий жиберүү