Иран президенти: «АКШ менен Батыш иран элин бөлүп-жара албайт»

Ислам Республикасыннын президенти сентябрь айынын орто ченинде өлкөдө болгон толкундоолорду жана баш аламандыктарды уюштурууга “эки жүздүүлөр, монархисттер жана контрреволюционерлер” катыштыгы бар экенин билдирди.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ менен Батыш өлкөлөрүн ушак-айың жана жалган маалымат таратуу менен Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларын тутантып жатат деп айыптады.

Бул тууралуу ал Тегеранда 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунун ардагерлери менен жолугушууда билдирди.

“Ислам революциясынын душмандары жалган маалымат таратуу менен өз максаттарына жете алышпайт жана Иран элин бөлүп-жара алышпайт. Жаштар биздин балдарыбыз, алдангандардын баары мекендин кучагына алынат, бирок чыккынчыларга ырайым болбойт”, – деди Раиси.

Президенттин айтымында, Иранда сентябрдын орто ченинде болгон тополоңдорду жана баш аламандыктарды уюштурууга “эки жүздүүлөр, монархисттер жана контрреволюционерлер, башкача айтканда, ислам республикасына каршы чыккандардын бардыгы” катышкан.Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайстын “Шабэ Ялда” майрамынын алдында АКШ “Иран эли менен кошо кайгырат” деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, АКШ ирандыктар үчүн “крокодилдин көз жашын төгүп жатат” деп билдирген.

Ирандагы нааразычылык акциялары

Ислам республикасындагы  толкундоолор сентябрдын орто ченинде 22 жаштагы Махса Амини аттуу күрт кыз каза болгондон кийин башталган. Расмий маалымат боюнча, полиция Амини туура эмес жоолук салынганы үчүн кармаган. Сурак учурунда ал жүрөгү кармап, андан улам каза болгон.

17-сентябрда кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктагандан кийин нааразылык акциялары башталган. Анктени социалдык тармактарда кызды полиция сабады деген маалыматтар тарап кеткен. Тополоңчулар полиция кызматкерлерине жана «Басиж» кошуунунун мүчөлөрүнө кол салышып, Куранды кордоп, мечиттерди жана өкмөттүк имараттарды, тез жардам унааларын жана май куюучу жайларды өрттөп, хижабчан аялдарга кол салышкан.

Ирандын ар кайсы шаарларында тополоңдун катышуучулары жана уюштуруучулары камакка алынган, алардан муздак жана ок атуучу куралдар алынган.

7-октябрда Ирандын соттук-медициналык экспертиза уюму Аминин өлүмүнүн себеби боюнча расмий баяндамасын жарыялап, ал эч кандай жаракат албаганын билдирген.

Иран бийлиги тополоңду уюштурууга Улуу Британия, Израил, Сауд Аравия жана АКШнын чалгын кызматтарын күнөөлөгөн.

Комментарий жиберүү