Иран ТИМ жетекчиси: Түркия менен болгон мамилелерибиз абдан маанилүү

Мухаммад Жавад Зариф өз өлкөсү Кавказ аймагында көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө умтулаарын Анкарада билдирди.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Тышкы иштер министри  Тегеран-Анкара мамилелерин белгилеп, Иран, Түркия, Орусия, Азербайжан Республикасы, Армения жана Грузия менен айрыкча, транзит тармагындагы кызматташуулары өтө маанилүү деп мүнөздөдү.
“Биздин Түркия менен мамилелерибиз абдан маанилүү жана эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелер жөнүндө Түркия менен кеңешүү абдан маанилүү”,- деди Зариф кабарчыларга.
Ал мындай деп кошумчалады: “Кудай буюрса, Түркияда бир туугандар менен болгон жолугушууларда кызматташтыкка негиз түзүү үчүн, айрыкча транзиттик жана транспорттук каттамдар жаатында кызматташуу боюнча бир топ маселелерди дагы да байкаштырабыз.”
Ирандын Тышкы иштер министри Иран, Орусия, Түркия, Азербайжан, Армения жана Грузиянын ортосундагы алты бурчтуу кызматташтык маселесине байланыштуу мындай деди: “Мен бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын түрк бийлиги менен талкуулайм. Албетте, алты тараптуу кызматташуу, айрыкча транзит жаатында кызматташуу өтө маанилүү маселе. Бара-бара болгон тоскоолдуктар жоюлат деп үмүттөнөбүз.”
Эске салсак, Иран ТИМнин жетекчиси Мухаммад Жавад Зариф ушул аптада стратегиялуу, анын ичинде Кавказ өлкөлөрүнө сапар тартып, кезектеги иш сапары менен Анкарага учуп келген.
Ал, бул сапарында Түркия жетекчилери менен Тоолуу Карабак маселеси жана алты тараптуу кызматташуу, айрыкча транзит маселесин талкуулоону пландаштырган.

Комментарий жиберүү