Иран Тоолуу Карабактагы качкындарды кайтарууга жардам берүүгө даяр

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Иран Тоолуу Карабактан жер которуп кеткен качкындарды өз жерлерине кайтарууга көмөктөшүүгө даяр деп билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Зариф жекшемби күнү Бакуга келгенден кийин: “Иран бийлиги Тоолуу Карабактагы качкындардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр”, – деди. “Биз бошотулган аймактардын жашоочулары үйлөрүнө кайтып келүүсүнө жардам бергибиз келет”, – деп билдирди ал.

Зариф бүгүн Азербайжан тараптын өкүлдөрү менен согуш жүргөн  аймактарды калыбына келтирүү, Тоолуу Карабактагы кырдаалды, ошондой эле аймактагы туруктуулукту сактоо маселесин талкуулоону пландаштырууда. Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү үчүн Баку шаарынан аярлуу аймактык сапар башталат, Азербайжан, Грузия, Армения, Россия жана Түркияга сапарлар пландаштырылган. Карабактагы абалды жөнгө салуу боюнча Зарифтин аймактык сапары Бакудан башталды.

Анын алкагында, ал ошондой эле Грузия, Армения, Орусия жана Түркияга дагы сапары менен барат. Зариф Орусияга 26-январда жөнөп, бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Комментарий жиберүү