Иран Украинанын коркутууларына жооп берди

 Ирандын Тышкы иштер министрлиги Киевдин коркутууларын айыптап, өлкө Украинадагы жаңжалга катышпай турганын дагы бир жолу билдирди.

Иран Украинадагы жаңжалга катышпайт жана Киевдин коркутууларын жоопкерчиликсиз риторика деп эсептейт, деп билдирди өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Насер Канаани маалымат жыйынында.

Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Иран маселеси боюнча “иштебеген санкциялардан” баш тартып, Ирандын учкучсуз аппараттарын чыгаруучу заводдорго сокку урууга чакырган. 

Ирандык дипломат буга чейин дагы Тегеран учкучсуз учуучу аппараттарды Москавага өткөрүп берген деген Украинанын билдирүүлөрүн негизсиз деп атап, Иран бийлиги жаңжалдын эч бир тарабына дрондорду бербегенин кайталаган.

“Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча (Украина жана дрон – ред.) өз позициясын бир нече жолу билдирген. Бирөөлөрдү, башкаларды, Иранды күнөөлөө Украинага, анын элине жана (бийлигине – ред.) жардам бербейт. Биз коркуткан риториканы ким айтпасын жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз, мындай билдирүүлөрдүн укуктук жана саясий кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Украинага (бийлик – ред.) жүктөйбүз”, – деди Канаани маалымат жыйынында.

Батыш өлкөлөрү Иран Украинадагы аскерий операциялар үчүн Россияга учкучсуз учактарды жеткирип жатат деп ырасташууда. Москва менен Тегеран мындай айыптоолорду четке кагышты.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын айтымында, Тегеран Россияга дрондорду Украинада атайын операция башталардан бир нече ай мурун жеткирген.

Комментарий жиберүү