Иран ШКУга кошулат

Иран акыры Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө боло алат.

Кошуу процедурасынын башталышы Дүйшөмбүдөгү саммитте жарыяланат. Бул тууралуу “Коммерсант” гезити жарыялады.
Берилген маалыматтарга караштуу, Иран Ислам Республикасын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кошуу жол-жобосунун башталышы 16-17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтө турган саммитте каралмакчы.
«Тегерандын ШКУга кирүү процессине дагы бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн. Дели менен Исламабадды кошууга дээрлик эки жыл өттү. Бирок анын расмий түрдө ишке киришинин өзү эле жетишкендик, анткени Иран он жылдан ашык убакыттан бери уюмдун “чечинүүчү бөлмөсүндө” отурат”, – деп жазат басылма.
Белгилей кетсек, учурда ШКУга сегиз мамлекет кирет: Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан.
Гезит ШКУнун 16-17-сентябрга белгиленген саммитте уюмдун 20 жылдык юбилейи болорун белгилейт.
Тегеран 2005-жылы ШКУга байкоочу статусун алган, андан кийин 2008-жылы толук кандуу мүчөлүккө арыз берген. Бирок 2015-жылга чейин Иран ага каршы колдонулган эл аралык санкциялардан улам биримдикке кире алган эмес.
Анткени, ШКУнун эрежелерине ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциясына кирген өлкө ага мүчө боло албайт.
 Эске салсак, санкциялар 2015 -жылы Тегеран өзөктүк программасын кыскартууга макул болгондо алынып салынган. Бирок бул да анын ШКУга эшигин ачкан жок.
 Эксперттер бул белгисиздикти 1996-жылы Шанхай бешилигинин негизинде түзүлгөн Евразия мамлекеттеринин блогун кеңейтүү маселелеринде ШКУнун этият болушу менен байланыштырышат.
 Башка көптөгөн регионалдык түзүлүштөрдөн айырмаланып, ШКУ мүчөлөрүнүн санын кеңейтүүгө эмес, уюмдун ишинин жана таасиринин сапатын жакшыртууга жана анын максаттарына жетүүгө көбүрөөк көңүл бурат, деп белгилейт өкмөттү колдогон Валдай клубунун эксперттери.
Ал эми,  Иран үчүн ШКУ өзөктүк программасы боюнча көйгөйлөрүнөн улам жагымдуу вариант болгон, анткен менен АКШнын кысымына туруштук берүү үчүн Тегеран башка чоң өлкөлөр жана блоктор менен жакындашууга аракет кылган.
 Эксперттер мындан ары Ирандын толук кандуу мүчөлүгү боюнча чечимди кийинкиге калтыруу мүмкүн болбой турганын ынандырышат.

Комментарий жиберүү