Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Бүгүн, 15-сентябрда Самаркандда өтүп жаткан саммитте Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшту.

ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атады.

“Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт”, – деди ал.

Ислам республикасынын ШКУга мүчө болуп кабыл алынары былтыр сентябрда белгилүү болгон. Анда өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси уюмга мүчө болуу Иран үчүн “дипломатиялык ийгилик” болорун айткан.

Анын айтымында, Тегерандын ШКУда болушу Азия-Тынч океан чөлкөмүндө күчтүү экономикалык байланыштарды түзөт.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Бүгүнкү күндө ага Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Эми уюмдун катарына Иран кирди.

Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан, Беларусь, Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн  ШКУнун саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу процедурасы башталган.

11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов быйыл Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кабыл алынарын айтып, тиешелүү меморандумга Самарканддагы саммитте кол коюларын билдирген.

Быйыл Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берген. Норов ШКУга кабыл алуу процедурасы аталган саммитте башталарын билдирген.

Комментарий жиберүү