Иран ШКУ өлкөлөрүнө өзүнүн негизги портторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр

Иран ШКУга мүчө мамлекеттерге өзүнүн ири портторун пайдаланууну сунуштады.

Бул тууралуу «ШКУнун кеңейиши: кызматташтыктын жаңы горизонттору» аттуу тегерек столдо Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази билдиргенин «Вечерний Бишкек» басылмасы 2-сентябрда жазды.

“Ирандын Перс булуңундагы жана Оман деңизиндеги геосаясий абалы, ШКУга мүчө мамлекеттердин деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуусу  үчүн Бандар-Аббас жана Чабахар портторунун артыкчылыктарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет”, – деди элчи.

Саид Харрази аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында боло турган сүйлөшүүлөрдү бардык багыттар боюнча маанилүү экенин белгиледи.

“Бул жолугушуу АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Ооганстандан жоопкерчиликсиз чыгарылып кеткенине бир жыл толгон шартта өтүп жатат. Андан кийин Ооганстандагы террордук топтор мурункуга караганда активдешип, бүгүнкү күндө алар аймактагы өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга да олуттуу коркунуч катары каралууда”,-деди ал.

Эске салсак, Ирандын ШКУга кирүү процесси уюмдун 2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн саммитинде бекитилген. Учурда мүмкүн болушунча тезирээк туруктуу мүчөлүккө өтүү үчүн бардык укуктук процедуралар тездетилген темп менен жүргүзүлүп жатканы айтылууда.

Комментарий жиберүү