Иран: «Ылай суудан балык кармоо» Байдендин адаты

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани АКШнын президенти Жо Байденди Ирандагы нааразычылык акцияларына чыккандарды колдоп сүйлөгөнү үчүн сынга алды.

Ирандык аткаминер Байдендин бул билдирүүсүн ылай суудан балык кармоо (кыйын абалдан өз мүдөөсү үчүн пайдалануу) менен салыштырды.

“Ирандагы акыркы окуялардын башталышы менен  АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн билдирүүлөрү менен Ирандагы башаламандыкка дагы бир жолу колдоо көрсөттү. <…> Силердин адатыңар – ылай суудан балык уулоо. Бирок бул Иран экенин эсиңерден чыгарбагыла”, – деди Канаани.

Анын айтымында, иран бийлиги Байдендин мындай билдирүүлөрүнө жана Вашингтондун мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө таң калбайт.

Канаани агрессия жана өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү Америка саясатынын негизи болуп калгандыгын белгиледи.

Эске салсак, 15-октябрда АКШ президенти Жо Байден Орегон штатында сүйлөгөн сөзүндө  Ирандагы көчөлөргө чыккан адамдардын эрктүүлүгүнө таң бергенин айткан.

Ирандагы соңку башаламандыктар 22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнөн кийин тутанган. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, өлкөдөгү нааразычылыктардын натыйжасында кеминде 41 адам каза болуп, дагы 1500 киши кармалган. Каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрү да бар.

Расмий Тегеран өлкөдөгү баш аламандыктар чет жактан багытталганын билдирген. Буга байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги Улуу Британия менен Норвегиянын элчилерин, Франциянын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырган. Европалык дипломаттарга   бул мамлекеттердин маалымат каражаттарындагы Ирандагы башаламандыктар тууралуу бурмаланган  билдирүүлөргө байланыштуу нааразылык ноталары тапшырылган.

Буга чейин Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи дагы өлкөдөгү башаламандыктардын артында  АКШ менен Израиль турганын билдирген.

Комментарий жиберүү