Ислам ыңкылабынын жогорку лидери Имам Хомейнинин күмбөзүн жана Шейиттер көрүстөнүн зыярат кылды

Иран Ислам Республикасында Фажр декадасы башталды.

Ислам революциясынын даңазалуу жеңишинин 42 жылдыгына карата, Улуу Даражалуу Аятолла Хаменеи, Ислам революциясынын улуу негиздөөчүсү Имам Хомейнинин (А.Р.Б) күмбөзүн  зыярат кылды.  
Pars Today aгенттигинин маалыматына ылайык, Ислам Революциясынын Руханий лидери Имам Хомейнинин (А.Р.Б) көрүстөнүн зыярат кылып, рухуна Куран багыштап, 1981-жылы 28-июнда болгон террордук чабуулда шейит кеткендердин элесине сый көрсөтүп, бата берди.
Андан соң, Аятолла Хаменеи даңазалуу шейиттердин көрүстөнүнө барып, Ислам жана Ирандын коргоочуларынын таза рухтарына тынчтык тиледи.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 31-январына туура келген күнү
Иран Ислам Революциясынын куттуу Фажр декадасы башталды.
Мындан туура 42 жыл мурун, (1979-жылы 1-февралда) Иран Ислам Республикасынын улуу негиздөөчүсү Имам Хомейни (А.Р.Б) он беш жылдык сүргүндөн кийин, мекенине кайтып келип, элдин кызуу кабыл алуусуна күбө болгон.

Комментарий жиберүү