Италияда асма жолдо илинген кабина 20 метр бийиктиктен кулап, 14 адам каза болду (видео)

Италиянын түндүгүндө Мажоре көлүнө жакын жерде асма жолдо илинген фуникулёр кабинасы 20 метр бийиктиктен кулап, кеминде 14 киши каза болду.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.   
Кабина жүргүнчүлөрдү Стреза курорттук шаарынан Пьемонттогу Моттаррон тоосуна  алып бара жаткан.
Куткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаракат алгандардын арасында  беш жана тогуз жаштагы эки бала бар болгон, алар тик учак менен Туриндеги ооруканага жөнөтүлгөн. Кийинчерээк 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам көз жумган.

Экинчи бала бир нече сыныктарды алган, дарыгерлер ага операция жасап жатышат.

Куткаруучулар жабыркагандардын саны такталып жактанын, курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Кырсыктын так себеби азырынча белгисиз, бирок күбөлөрдүн айтымында, кабиналар бекитилген темир трос тоонун башына 300 метр калганда үзүлүп кеткен.

Стрезаны Моттарон тоосу менен бириктирип турган асма жол жүргүнчүлөрдү деңиз деңгээлинен 1491 метр бийиктикке 20 мүнөттүн ичинде жеткирет.

Кабиналар 40 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган, бирок кулаган кабинада канча канча киши болгонун азырынча так белгисиз.

Кабина болжол менен 20 метр бийиктиктен кулап, бир нече жолу оодарылып, бактарга такалып токтогон.

Италиянын премьер-министри Марио Драги кырсыкты трагедия деп атады.

Белгилей каетсек, бул асма жол 1970-жылы ачылган жана 2014-жылдан 2016-жылга чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган. Жол жакында эле карантиндик чектөөлөр алынып салынгандан кийин ачылган болчу.

Комментарий жиберүү