«Ихлас» курулуш компаниясы чек арадагы кагылышууда турак-жайы күйгөндөргө 20 үйкуруп берет

“Каганат Инвест” (Ихлас компаниясы) холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп берет.

Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Компаниядан маалымдашкандай, 1-май күнү холдингдин негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапарович жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, ушундай чечим кабыл алган.

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, кагылышууда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды.

“Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарга таянып жазган маалыматына караганда, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90 киши жаракат алган. Бирок, Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжалда өрттөлүп, талкаланган турак-жайларды кыргыз өкмөтү өзү калыбына келтирерин билдирди.

Комментарий жиберүү