Йеменде катуу кагылышуулар болду

Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди.

Йеменде өкмөт  күчтөрү менен Иран колдогон хуси  куралдуу күчтөрдүн ортосунда ок атышпоо башталган  2 –  апрелден бери биринчи жолу эки тараптан тең жоготуулар болду.

Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди.

Бир тараптан аскердик булактардан алынган маалыматка караганда Йемендин түштүк – батышындагы Таиз провинциясында хусилерге караштуу снайперлер бутага алган бир аскер каза болду.

Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттары Мариб провинциясынын батыш бөлүгүндө Йемен армиясы менен хусилерге тиешелүү куралдуу топтордун ортосунда айыгышкан кагылышуулар болгонун кабарлашты.

Кабарда хусилердин аймакка кол салуусунан кийин кагылышуулар күч алып жана кагылышууда ондогон хусинин каза болгондугу билдирилди.

Орозо айттын биринчи күнүндө болгон кагылышуу Бириккен Улуттар Уюмунун  жетекчилигинде эки айлык ок ​​атышпоо жарыяланган 2-апрелден берки тараптардын ортосундагы эң катуу кагылышуу катары катталды.

Комментарий жиберүү