Йемендик аскерлердин Саудиянын олжолору менен парады

Йемендик аскерий бүтүрүүчүлөр сионисттик режим менен Американын желектерин тебелеп, Сауд Арабиянын согуштук олжолору менен аскердик парад өткөрүштү.

 Fars News Agency International Group агенттигинин маалыматына ылайык, Йемен маалымат каражаттары Йемендин Жогорку саясий кеңешинин башчысы Мехди Аль-Машаттын катышуусунда аскердик бүтүрүүчүлөрдүн парадынын сүрөттөрүн жарыялады.

 “Аль-Алам аль-Харби” сайты – Йемен бөлүмү – бул парад “Биз кылмышкерлерден өч алуучуларыбыз” деген аталышта өткөнүн белгилеп, бул аскердик парад 6-аскердик аймакта өткөнүн кабарлады. Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөр бул салтанатта өздөрүнүн жогорку аскердик чеберчиликтерин жана ыкмаларын көрсөтүшүп, мындан аркы талаадагы окуяларга жогорку даярдыктарын билдиришти жана ошол эле учурда «Абдул Малик Бадр ал- Дин аль-Хуси” Йемендеги Ансаруллах кыймылынын лидеринен буйрук алышаарын кошумчалашты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Йемендин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммад Али аль-Хуси: «Бул баатырлар өздөрүнүн күчүн көрсөтүү үчүн эмес, өз элин коргоого даяр экендиктерин билдирүү үчүн келишти», – деди.

Ал, агрессор өлкөлөргө кайрылып: «Биз силерге каршы чыгабыз, анткени силер жаман жана залим күчтөрдүн символусуңар»,- деди. Ал өз сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө агрессор өлкөлөр жеңилип, согушта жумшаган нерселеринин баары жок болорун баса белгилеп, бул парадда колдонулган бронетранспортерлор согуштан түшкөн олжонун аз гана бөлүгү экенине көңүл бурду.

Комментарий жиберүү