Кабулдагы жардыруудан эки орус дипломаты каза болду – ТИМ

Ооганстандын борбору Кабулдагы Россиянын элчилигинин имаратынын жанында болгон жардыруудан эки орус дипломаты каза болду.

Бул туурасында расмий билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты.

“5-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:50дө Россиянын Кабулдагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кире беришине жакын жерде белгисиз согушкер жардыруучу затты ишке келтирген. Кол салуудан улам дипломатиялык миссиянын эки кызматкери  каза тапты, жабыркагандардын арасында ооган жарандары да бар”, – деп айтылат маалыматта.

Министрликтин айтымында, элчилик иликтөө жүргүзүп жаткан ооган чалгын кызматтары менен тыгыз кызматташып жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуядан 20га жакын киши жабыркаган.

Буга чейин Sputnik Ооганстан маалымат агенттиги террорчу-жанкечти Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кире беришинде өзүн жардырып жибергенин кабарлаган. Элчиликтин консулдук бөлүмүндө негизинен ооганстандык студенттер виза алуу үчүн кезекте турган.

Эске салсак,буга чейин 2-сентябрда Ооганстандын Герат провинциясында мечитте жарылуу болгон. Жардыруудан мечиттин имамы менен кошо 20 адам набыт болуп, кеминде 23 киши жаракат алган.

Жардырууну террорчу-жанкечти жасаган айтылган.

Комментарий жиберүү