Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Ооганстандын борбору Кабулдагы Халифа Сахиб мечитинин башчысы Сайед Фазил жардыруудан өлгөндөрдүн саны 50 адамга жеткенин кабарлады. Анын айтуусунда, жанкечти жума намазга жыгылгандардын ичинде болгон.


Жардыруу болгон мечитте Орозо айынын акыркы жума намазы окулуп жаткан.

Мурдараак расмий бийлик жардыруудан 10 адам өлүп, 30 киши жараат алганын кабарлаган.

Ал эми атын айтпаган медициналык кызматкер Reuters агенттигине ооруканага 65тен ашуун адамдын сөөгү жана 80ге чукул жараат алган адамдар жеткирилгенин маалымдаган.

Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид жардырууга күнөөлүүлөр табылып, жоопко тартыларын билдирди.

Бир жума мурда Кундуз провинциясындагы мечитте жардыруудан 30 адам мерт кеткен.

Комментарий жиберүү