Кабулдагы жардырууларда өлгөндөрдүн саны 90го жетти

Ооганстандан чыгып кетүү үчүн миңдеген адамдар чогулган Кабул аэропортуна жакын жерде эки катуу жардыруу болуп, өлгөндөрдүн саны кеминде 90го жетип, 150дөй киши жаракат алды.

Бул тууралуу Кабулдун Саламаттык сактоо органдарынын өкүлү Би-Би-Сиге билдирди.
Жардыруу жоопкерчилигин радикалдуу исламчылар өзүнө алды.
Пентагондун маалыматтары боюнча, окуядан 13 америкалык аскер кызматчысы каза болуп, дагы 18и жаракат алышкан. Каза тапкан аскерлердин 10у деңиз пехотасында кызмат кылган.
Биринчи жардыруу аэропорттун кире беришине жакын качкындар топтолгон жерде, экинчиси аба майдандан алыс эмес жайгашкан Barron мейманканасынын жанында болгон.
Буга чейин өз жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды эвакуациялап жаткан Батыш өлкөлөрү террордук чабуул коркунучу бар экенин эскертип, адамдарды аэропортко келбей турууга чакырышкан.

Комментарий жиберүү