Кадыр ажы Маликов: Тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын “Кудс” маселесинен маалыматтары жок

Белгилүү диний аалым, экс-муфтийдин орун басары, “Саясат жана укук” партиясынын жетекчиси Кадыр Ажы Маликов, агенттиктин “Дүйнөлүк Кудс” күнүнө карата өткөрүлгөн тегерек столунда “аль-Акса” мечитинин бүгүнкү көйгөйлөрүн ортого салды.

“Бүгүнкү күндө Ислам үммөтү дүйнөдө болуп жаткан нерселерден маалыматтары аз. Кудс темасы жылдан жылга жаңы жана орчундуу жагын көрсөтүп келет. Сионисттердин Аль-Акса мечитин жөөттөштөрүү жана “ири Жакынкы Чыгыш жана ири Борбордук Азияны” пайда кылуу аракети болууда. Бирок тилекке каршы, мусулмандарга бул чоң коркунучту түшүнүү жүрөктөрүнө жете элек. Мусулмандардын үчүнчү Ыйык жайы, алгачкы кыбыласы болгон аль-Акса мечитине кол салуу, бул кыямат жакындаганы жана “Дажжалдын” чыгаарына жакын калган белгилерден. Кудс бул мусулмандарды бириктирген жай, андыктан анын маселеси бардык мусулмандарды ойлонтушу керек. Ал үчүн биринчиден, Кудс темасын элге кенен жеткирүүбүз зарыл. Жаштарга көбүрөөк маалымат берип, жада калса интернет аркылуу аль-Акса мечити боюнча конкурс-викториналарды өткөрүү сунушталат. Кыска тасмаларды жана башка даректүү тасмаларды таратуу, ЖОЖ окутуучулары аркылуу Палестинада болуп жаткан чындык окуяларды таратуубуз керек. Мусулмандардын ой-жүгүртүүлөрүн өздөштүрүүгө убакыт келип жетти.

Бизде Ислам ритуалдык гана чекте карманылат. Биз Исламдын ритуалдык чегинен идеологиялык тепкичке өтүүбүз зарыл. Исламдын идеологиясы алда канча терең. Мисалы, Курани Каримде: “Бул аалам мусулмандарга мурас калат…” деп  айтылат. Сионисттер болсо, аалам биздики деп ынандырышууда.

Учурда Ислам биздин аң -езимибизге башкача киргизилип жатат. Жалаң гана ритуалдык Исламга чектелип калышсын дейт. Биз Ислам идеологиясы боюнча терең ой жүгүртүүбүзгө убакыт келип жетти. Ал эми Кудс маселеси, “аль-Акса” мечитин коргоп сактап калуу Ислам идеологиясынын бирден бир түркүктөрүнө кирет. Келчекте биз, аалымдар, мусулмандарга Кудс маселесин терең жеткире алабыз деп үмүттөнөм.

Комментарий жиберүү