Кадыр түн качан болору айтылды

БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. 2021-жылдагы Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет. Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленген.

Комментарий жиберүү