Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Орусиянын маалымат каражаттары Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери киргенин маалымдашты.

Маалыматта Орусиянын аскер кызматкерлери Казакстандын аймагына киргени, алар атышуу болуп жаткан Алматы шаарына барышы мүмкүн экени айтылат.

Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда.

Буга чейин, Жамааттык коопсуздук келишими уюму өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтөрү маалымдалган.

Бул тууралуу уюмду жетектеген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта билдирген.

Эскерте кетсек, кечээ, шаршемби күнү кечинде Токаев ЖККУ өлкөлөрүнөн аскердик колдоо сураган эле.

Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп эсептелет.

Казакстандын ири шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда. Бийлик өлкөдөгү эң ири шаар – Алма-Атага көзөмөлдү толугу менен жоготту.

Комментарий жиберүү