Казакстанда айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоого уруксат берилди

Казакстанда автоунаа айдоочулары айдоочулук күбөлүгү жок жүрө алышат.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, жол кыймылынын маселелери боюнча мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөргө республиканын Президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Белгилеп кетсек, мыйзамдык өзгөртүүлөрдө автоунаа ээлерин айдоочулук күбөлүктү жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн өзүндө алып жүрүүгө милдеттендирген ченемдер алынып салынган.
Эми жаңы мыйзамга ылайык, унаалардын айдоочулары жеке күбөлүгү (паспорт) менен гана жүрө алышат.
 Ал эми унаа ээси жөнүндө башка бардык маалыматтарды полиция керектүү маалымат базасы бар планшет аркылуу көрө алат.
 Мыйзам боюнча ошондой эле айдоочулардан айдоочулук күбөлүк жана унаа каттоосунун күбөлүгү  менен айдоо жоопкерчилиги алынып салынды.

Комментарий жиберүү