Казакстанда атомдук электрстанция курууга 5 миллиард доллар жумшалышы мүмкүн

Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин Атомдук энергетика жана өндүрүш департаментинин директору Жаслан Касенов 23-февралда “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык тажырыйба боюнча мындай суммага 1000–1200 мегаватт кубаттуулуктагы энергоблок салынат. Касенов так сумманы жалданма компания аныктагандан кийин айтууга болорун маалымдады.

Ал ушул тапта алты компаниянын талапкерлиги каралып жатканын кошумчалады. Алар – NuScale (АКШ), GE-Hitachi (АКШ — Жапония), KHNP (Корея), CNNC (Кытай), EDF (Франция) жана “Росатом” (Орусия).

Каржы булагы сүйлөшүү учурунда талкууланат. Казакстандын энергетика министрлиги АЭС өзүн 20 жылдан кийин актай турганын божомолдоодо.

23-февралда өткөн брифинг учурунда айтылгандай, АЭСти Балхаш жылуулук борборунун аймагында жана Курчатов шаарында куруу каралууда.

2014-жылдын 29-майында казакстандык “Казатомпром” менен орусиялык “Росатомпром” компаниялары Казакстанда атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол койгон.

Казак коомчулугу “өлкөгө салынган АЭС аварияга учураса эмне болот?” деп кооптонот. Буга чейин казак президенти Токаев калктын пикири эске алынбай, АЭС салуу жөнүндө чечим чыкпай турганын айткан.

Комментарий жиберүү