Казакстанда аялдарга жана балдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту азайтуууга чара көрүлүүдө

Быйыл жылдын башынан бери Казакстанда аялдарга жана балдарга карата кылмыш иштерин териштирүү ишин тергөөчү аялдар гана жүргүзүп келишет.

Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин башчысы Ерлан Тургумбаев эл менен болгон отчеттук жолугушуусунда билдирди. «Аялдарга жана балдарга каршы кылмыштардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушул жылдан баштап мындай иштерди тергөөчү аялдар гана териштирип жатышат. Бул жабырлануучулар менен байланыш түзүүгө жана иштин бардык жагдайларын тактоого оң таасирин тийгизип жатат », – деди министр.
Ошондой эле, анын айтымында, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекторлорунун жана аялдарды зомбулуктан сактоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин саны көбөйтүлдү.
 Мындай кызматтар азыр ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө бар. Бул аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтөт деп күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү