Казакстанда мародёрлер ишкерлерге 200 миллион долларга жакын чыгым келтирген

Казакстанда мародёрлер ишкерлерге канча чыгым келтиргени белгилүү болду.

Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тополоңдун натыйжасында бизнес объектилерине келтирилген зыян эсептелип чыгып, мародёрлор 200 миллион долларга жакын чыгым келтиргени аныкталды. Болжолу менен 500дөй ишкер жабыр тартканы айтылды.

Келтирилген зыяндын көлөмү дагы такталууда. Маалыматта ыктыярчылар муктаж болгондорго гуманитардык жана психологиялык жардам көрсөтүшөрүн, бирок алар өлкөдөгү кырдаал турукташкандан кийин гана ишке киришери айтылды. Бул максаттарда борбордо атайын ыктыярчылардын бирдиктүү координациялык борбору түзүлгөн.

Бүгүн, 8-январга карата Казакстандагы абал тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Ага ылайык, айрым аймактарда террорчуларга каршы операциялар, согушкерлерди кармоо жана жок кылуу уланууда. Жалпысынан 4 миңдей террорчу кармалганы жана айрымдары өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда.

Комментарий жиберүү