Казакстанда төрт миңдей террорчу кармалды

Казакстанда төрт миңдей террорчу кармалганын жергиликтүү “Власть” гезити Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, террорчулардын көбү Алматыда кармалган. “Казакстанда 4000дей террорчу кармалды, кармалгандар көбү Алматыда”,-деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, тазалоо операциясынын жүрүшүндө “100дөн ашуун адамдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганы” белгиленет. Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Кийинчерээк нааразылык акциялары башка шаарларга, анын ичинде республиканын эски борбору жана эң ири шаары болгон Алматыга да жайылган: ал жерде талап-тоноолор башталып, согушкерлер мамлекеттик мекемелерге кол салып, курал-жарактарды тартып алышкан. Буга жооп иретинде бийлик 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон. 5-январь таң эрте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Токаев өзү жетектеген Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет деп мүнөздөп, ЖККУдан жардам сурап кайрылганын билдирген.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстанга жамааттык тынчтык күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алган. 7-январда Токаев террорчулар каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтып, куралын таштабагандарды жок кылууга буйрук берген.

Комментарий жиберүү