Казакстанда үч жаңы аймак пайда болду

Кечээ, 4-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү боюнча жарлыкка кол койду. 

Бул тууралуу Казакстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Чыгыш Казакстанда Абай облусу түзүлүп, борбору Семей шаары болду. Чыгыш Казакстан облусунан Аксуат, Абай, Аягөз, Бескарагай, Бородулиха, Жарма, Үржар, Көкпекте райондору жана Семей менен Курчатов калаалары бөлүнүп кетти.

Ошондой эле, Алматы облусунун курамынан Аксуу, Алакөл, Ескелди, Каратал, Кербулак, Көксуу, Панфилов, Саркан райондору жана Талдыкорган менен Текели райондорун чыгарылып, жаңы Жетисуу облусу түзүлдү. Облустун борбору Талдыкорган шаары болот.

Алматы облусунун административдик борбору Талдыкорган шаарынан Кунаев шаарына көчүрүлөт. Буга чейин ал Капшагай деген атты алып жүргөн.

Караганды облусунан Жаңы Арка, Улытау райондору, Жезказган, Каражал жана Сатпаев шаарлары чыгарылып, Улытау облусу түзүлдү. Анын борбору Жазказган болот.

Маалыматка караганда, жаңы облустарды түзүү жөнүндө жарлык 8-июндан тартып күчүнө кирет.

Буга чейин, Касым-Жомарт Токаев январь окуяларынан кийин Казакстан элине кайрылуусунда өлкөдө үч жаңы облус түзүүнү сунуштаган.

Комментарий жиберүү