Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда Алихан Смаилов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди.

Ал мурдагы премьер-министрдин биринчи орун басары болгон. 5-январда Казакстандын президентинин жарлыгы менен премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрү өз орундарын сактап калышкан же кызматтынан көтөрүлүшкөн.

Жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 11-январь күнү кечке маал кол койду.

Премьер-министрдин мурдагы орун басары Роман Скляр өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Вице-премьер Ералы Тугжанов мурдагы кызматында калды. Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов да өз кызматында калтырылды жана премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалды. «Самрук-Казына» фондунун активдерин башкаруу башкармалыгынын мурдагы директору Болат Акчулаков энергетика министри болду.

Президенттин администрациясынын мурдагы биринчи орун басары Даурен Абаев маданият жана спорт министри кызматына, Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигине Аскар Умаров дайындалды. Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын мурдагы төрагасы Канат Мусинге юстиция министрлиги тийди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Ажар Гиният болду. Экономика министринин мурдагы орун басары Алибек Куантыров министр болуп дайындалды. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри кызматы Каирбек Ускенбаевге тийди. Ал дагы буга чейин аталган министрликтин башчысынын орун басар болгон.

Өкмөттүн жаңы курамында калган министрлер мурдагы кызматында калышты.

Белгилей кетсек, 5-январда мурдагы өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдорго байланыштуу кызматтан алынган.

Комментарий жиберүү