Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Казакстан Алматы облусуна атомдук электр станциясын курууну пландоодо.

Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды.

“Самрук-Казына” фондунун төрагасы Алмасадам Саткалиев атомдук электр станциясын Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагына куруу каралып жатканын билдирди. Бул жер Бишкектен 342 чакырым алыстыкта жайгашкан.

“Атом электр станциясын куруу боюнча сунуш Орусия, Кытай жана Франциянын компанияларынан келип түштү. Казакстанда кимдин технологиялары тандалары азырынча белгисиз. Чечимдерди кабыл алууда колдонулган технологиялардын коопсуздугу, курулган өзөктүк реакторлорду иштетүү боюнча мындай мыкты тажрыйбалардын саны, ошондой эле Казакстанда күйүүчү майды локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу бардык спектр эске алынат”, – деп билдирди Саткалиев.

Казакстанда атомдук электр станциясын куруу ниетин буга чейин республиканын экс-президенти Нурсултан Назарбаев билдирген.

Станциянын курулушуна региондо электр энергиясын керектөөнүн өсүшү себеп болууда. Тартыштык Казакстанда да, коңшу Кытайда да байкалууда.

Комментарий жиберүү