Казанда мектепте ок атылып, 11 адам мерт кетти. Көз жумгандардын көбү окуучулар

Бүгүн, 11-май эртең менен Казань шаарында Жаудата Файзи көчөсүндөгү №175 мектепте белгисиз адамдар окуучуларды көздөй ок чыгарышты. Натыйжада 11 адам каза болду, алардын көбү окуучулар.

Бул тууралуу РИА Новости аймактагы өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булактарга таянуу менен билдирди.

Буга чейинки маалыматтарда алты киши мерт болгондугу,  кийин тогуз киши каза тапкандыгы айтылган. Эки окуучу  үчүнчү кабаттан секирип каза тапты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучулар көздөй окту өспүрүмдөр чыгарышкан, алардын бири мектептин кире беришинен колго түшүрүлүп, экинчиси мектептин ичинде жок кылынды.

Baza сайтынын маалыматы боюнча колго түшүрүлгөн шектүүнүн аты-жөнү Ильназ Галявиев, ал 19 жашта, ал мектепти төрт жыл мурун аяктап, колледжде окуп жаткан. Ал мектепте окуган учурда анын мугалимдер жана окуучулар менен мамилеси начар болгондугу маалымдалууда.

Курал ага расмий түрдө катталган. Бирок, Татарстандын Ички иштер министрлиги экинчи чабуулчу тууралуу маалыматты четке кагып, ок атуучунун мектепте шериги жок болгонун, Галявиев өзү жалгыз болгонун билдирди.

Эвакуацияланган балдар менен психологдор иштеп жатышат, ишеним телефону уюштурулду.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматынын 21 бригадасы жөнөтүлгөн.

Ал жерге ошондой эле Татарстандын президенти Рустам Минниханов, республиканын саламаттыкты сактоо министри Марат Садыков жана облустун прокурору Илдус Нафиков барышты.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Имаратта ыкчам иш-аракеттер улантылууда. Шаарда антитеррордук операция режими киргизилди.

Бардык билим берүү мекемелеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Комментарий жиберүү