“Кальмар оюну” сериалы билим берүү мекемелерин тынчсыздандырууда

Улуу Британиянын билим берүү мекемелери Netflix платформасына чыгып, популярдуулукка ээ болгон “Кальмар оюну” сериалынан улам тынчсызданышууда.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Улуу Британиянын мектептери балдарга Түштүк Кореянын сериалдарын көрүүгө уруксат бербөө үчүн ата-энелерге кат жөнөтүүгө мажбур болушууда.

Маалыматка караганда, көптөгөн окуучулар мугалимдеринен сериалдын триллеринде көрсөтүлгөн “сынактарга” катыша алабызбы деп сурашкан. Сериялда утулгандарды ырайымсыз өлүм күтүп турат жана бул фактор билим берүү мекемелеринин жетекчиликитерин тынчсыздандырбай койбой тургандыгы айтылган.

Улуу Британияда башталгыч мектептердин бири билдирүү жасап, бул сериалда зомбулуктун реалдуу көрүнүштөрү бар экенине токтолуп, “Биз балдар оюн аянтчаларында бул оюн боюнча өз версияларын ойной башташканын байкадык. Оюн учурунда чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болууда”, – деген.

Ошондуктан, сериал башталгыч класстын окуучуларына көрүүгө болбой турганын баса белгилешүүдө.

Лондондун тургундарынын бири, эгер балдар сериалды көрүп, “Кальмар оюнун” туураса, анын кесепеттери өтө коркунучтуу болорун айткан.

Буга чейин, “Кальмар Оюну” драмасынын режиссеру Хван Дон-хек сериалдын экинчи сезонунун ыктымалдуу темасын атаган.

Аталган корей сериалы учурда Netflix платформасындагы алдыңкы сапта турган тасмалардан ашып түштү жана андагы кызмат өкүлдөрүнүн айтымында, тарыхтын эң ийгиликтүү сериясы болуп калышы мүмкүн.

Комментарий жиберүү