Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канаданын Британдык Колумбия провинциясында болуп көрбөгөндөй ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйүп жатат.

РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, бир нече күндүн ичинде аймакта 486 адам ысыкты көтөрө албай каза тапты.

29-июнда Британдык Колумбия провинциясынын бийлиги  провинциянын ар кайсы шаарларында 100дөн ашуун адам аномалдуу жогорку температуранын курмандыгы болгонун билдирген.

Капыстан каза болгон учурлар Ванкувер, Барнаби жана Суррей шаарларында катталды. Каза болгондордун көпчүлүгү пенсионерлер экени айтылууда.

Метеорологдор 29-июнда аймакта абанын температурасы 49,5 градусту көрсөткөнүн катташкан.

Дарыгерлер суу көп ичүүнү, баш кийимсиз күнгө чыкпоону жана күндүз сыртка чыкпоону  сунушташууда.

Комментарий жиберүү