Канцлер Ангела Меркелдин ордуна Олаф Шольц келди

Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц республиканын жаңы канцлери болуп шайланды.

Ал бул кызматка немис парламенти – бундестагдын жыйынында шайланганын чет элдик басылмалар жазышты.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Шольцко канцлер кызматына дайындоо тууралуу расмий грамотаны тапшырды. Салтанат президенттик Бельвю сарайында өттү.

Шольцко 395 депутат добуш берген. Шольцтун жаңы канцлер болуп бекитилишин 736 депутаттын кеминде 369у колдошу керек болчу.

Шольц акыркы 16 жылдан бери канцлер болуп келген Ангела Меркелдин ордуна Германиянын өкмөт башчысы болуп келди. Акыркы үч жылда ал вице-канцлер жана каржы министри болуп иштеген.

Олаф Шольц 1958-жылы 14-июнда Оснабрюкте төрөлгөн. Болочоктогу канцлер жумушчунун үй-бүлөсүнөн чыккан, чоң атасы темир жолчу, ал эми ата-энеси текстиль өнөр-жайында иштеген.Белгилей кетсек, 2-декабрда Берлинде ФГРдин канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркелди кызматынан узатуу салтанаты болуп өткөн.Меркелди кызматынан узатуу аземи пандемияга байланыштуу чектелген форматта өткөн. Ага 200дөй адам, анын ичинде Меркелдин тушунда федералдык министрлер кызматында иштеген 52 адам катышкан.

Комментарий жиберүү