Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев армияга, укук коргоо органдарына эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди.

“Бизди тынчтык жолу менен келишимге барууга чакырышууда. Кандай акмакчылык. Адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн? Террористтер өлтүрүлүшү керек! Бул иш жакында толугу менен аткарылат!”, – деди ал.

Өлкө башчысы террористтер мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип, жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышканын, ошол себептүү укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууну буйруганын түшүндүрдү.

Ошондой эле, Токаев Казакстандагы мыйзамдык тартипти камсыздоодо жардам көрсөткөнү үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Казакстандагы абалды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн 150 аскер кызматкерин, 11 аскердик унаа жана 8 бронетехника жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Комментарий жиберүү