Киевдин жашоочулары массалык түрдө шаардан чыгып кетишүүдө

Украинанын борбору Киев шаарынын тургундары массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатышат.

Социалдык түйүндөрдө унаалары менен Киевди таштап чыгып кетип жаткан элдин видеолору тарады.

Маалыматта буга уланып жаткан согуштук аракеттер себеп болгону айтылат. Ошондой эле ЖМКларда жана социалдык тармактарда Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде Киевде жардыруулардын үнү угулганы кабарланган.

Ошондой эле,  Киевдеги май куюучу жайларда, банктарда жана банкоматтарда кезек күтүүлөр болуп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Украинада кырдаал курчуп жатат. Ага байланыштуу бүгүн, 24-февралда БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрмөкчү. Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө бүгүнтөн баштап аскердик абал киргизилгенин билдирди.

Комментарий жиберүү