Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт


Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев 26-27-декабрь күндөрү бейформал саммит өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

“Кийинки жумада Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ал биздин кызматташтыкка кошумча импульс берет деп үмүттөнөбүз”, – деди Лебедев.

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды
Бул жолугушууга катышарын Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери ырасташты.

Жаңы жылдын алдында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Россияга чакыруу – бул саясий уюмда маанилүү ролду ойногон орус президенти Владимир Путиндин көптөн берки келаткан салты.

Талдоочулардын пикиринде, Советтер Союзу таркагандан кийин түзүлгөн КМШнын курамына Москва менен стратегиялык кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ээ мурдагы советтик өлкөлөр кирет.

Комментарий жиберүү