Кимдер COVID-19га каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек?

Өнөкөт оорулардан жапа чеккен 60 жаштан ашкан адамдар коронавируска каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек.

Бул тууралуу дарыгер жана телеалпаруучу Александр Мясников билдиргенин “РИА новости” жазды.

Ал Sputnik V вакцинасын мисал келтирип, анын эки дозасы менен эмделген бейтаптар жарым жылдан кийин үчүнчү доза катары Sputnik Light алса болорун айтты.

Эксперттин айтымында, мындай бейтаптардын организминде эмдөөдөн кийин антителолордун саны абдан тез азаят жана иммундук жооп вируска туруштук берүүгө жетишсиз болушу мүмкүн.

Ошондуктан мындай адамдарга эки дозалык эмдөөдөн кийин үчүнчүсү берилсе, алар жетиштүү деңгээлде корголот.

Мындан тышкары, ал 60 жаштан ашкан өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн жалпы сунуштарга ревакцинацияны киргизүү маанилүү деп эсептерин айтты.

Учурда эмдөө коронавирустан коргонуунун эң ишенимдүү жолу деп айтылууда. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашконун билдирүүсүнө караганда, бул өлкөдө коронавирус менен ооруканаларда жаткандардын басымдуу бөлүгү эмделбегендер.

Комментарий жиберүү