КМШга 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат

КМШ Мамлекет башчыларынын саммитине 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат. Мындай чечим Астанада өткөн өлкө башчылардын кеңешинде кабыл алынды. 

Мамлекеттердин башчылары шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтерге кол коюшту. 

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи.

Комментарий жиберүү