КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тышкы карызы эң аз кайсы өлкө?

Евразия экономикалык бирлигине кирген 5 өлкөнүн ичинен Орусия эң көп мамлекеттик тышкы карызга ээ.

Тагыраак айтканда, Орусиянын тышкы карызы 2021-жылдын 1-январына карата 56 млрд. 702,9 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү ар бир жаранына бөлгөндө $3067 туура келет.
Ал эми Тажикстан  тышкы карызы эң төмөнкү деңгээлдеги өлкө катары белгиленгени менен 3,7 млрд. долларды (тышкы карыз) ар бир жаранга эсептегенде $1641дан айланып калат.
Ошондой эле коңшу Казакстандын тышкы карызы 160,9 млрд. доллар, ар бир жаранга $4005. Өзбекстандын тышкы карызы 33, 8 млрд. доллар, ар бир жаранга $1819 туура келет
Белгилей кетсек, Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4 млрд. 221,61 млн. долларды түзүп, ар бир жаранга бөлгөндө $705дан болмокчу.

Комментарий жиберүү