Кнессеттин спикери: Израилдин жаңы өкмөтү 13-июнда ант берет

Израилдик Кнессеттин спикери келерки жекшембиде парламент жаңы өкмөткө добуш берээрин жарыялады.

 Израилдик Кнессеттин спикери Ярий Левин парламент 13-июнда жаңы өкмөткө добуш бере тургандыгын жарыялаган.
“Жаңы өкмөт учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүн алмаштырат”,- деп кошумчалады Левин.
Белгилей кетсек, Израил армиясынын радиосу ошондой эле Кнессет жаңы өкмөткө макул болсо, өкмөт ошол эле күнү ант берээрин билдирген.
Эске салсак,  Беньямин Нетаньяху Ликуд партиясынын жыйналыштарында Ямина жана Яш Атид партияларынын лидерлери Нафтали Беннетт жана Яир Лапид башында турган өкмөткө катуу каршы экендигин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү