Конгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат

Президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча токтомго Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси кол койду.

Президент Дональд Трамп эки жолу импичмент жарыяланган АКШ лидери катары тарыхта калды. Эми Конгресстин чечимин Сенат бекитип бериши керек. Бирок бул маселе Жо Байдендин инаугурациясынан кийин каралат.

Шаршемби күнү Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси тез арада каралат деген убадасын аткарды. Бир нече саатка созулган талкуудан кийин Өкүлдөр палатасы Трамп демонстранттарды тукурганы үчүн башаламандык болду деген чечим чыгарды.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси токтомго кол койгондон кийин импичмент күчүнө кирди. Бирок Конгресстин чечимин Сенат бекитип бериши керек.

Конгрессте президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси каралып жатканда, Капитолийдин айланасын Улуттук гвардиянын 15 миң куралчан аскери курчап турду. Айрым депутаттар Капитолийди коргоо үчүн Ирак менен Ооганстанда жайгашкан америкалык аскерлерден кыйла көп сандагы жоокерлер тартылганын белгилешти.

Конгресстин чечими боюнча Ак үй эч билдирүү тарата элек. Дональд Трамп шаршемби күнү резиденциясында болчу. Айрым күбөлөр президент Өкүлдөр палатасындагы окуяларды түз алып баруу аркылуу көрүп турганын айтышкан.

Конгресстин чечиминен кийин Трамп Ак үйдүн “Твиттер” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, өткөн жумадагы башаламандыкка катышкандарды кескин сындады.

“Зомбулук менен вандализмге биздин өлкөдө жана биздин кыймылда орун жок…Алдыдагы күндөрү Вашингтон жана өлкөнүн башка аймактарында демонстрациялар уюштурулат деген маалымат келди. Атайын кызмат кандай коркунучтар бар экенин мага так айтып беришти. Ар бир америкалык өз үнүн жеткирүү үчүн демонстрацияга чыгууга укуктуу жана бул тынч жолу менен жасалышы керек”,-деп айтты Трамп.

Президент кайрылуусунда Конгресстин импичмент жарыялаганы тууралуу бир дагы сөз айткан жок.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери, Республика партиясынан Митч Макконнелл импичмент маселеси шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байдендин инаугурациясынан кийин караларын расмий жарыялады.

Учурда Сенат эс алууга тараган, 19-январда гана ишин улантат. Буга чейин Митч Макконнелл сенаторлорду чукул жыйынга чогултууга макул болгон эмес. Ага карабастан америкалык медиа агенттиктер, таасирдүү сенатор Трамп 6-январдагы окуялар үчүн жоопко тартылышы керек деген пикирде экенин жазып чыгышкан. Трампка биринчи жолу импичмент жарыялаганда Митч Макконнелл президентти колдогон.

Президент Трамптын бийликти өткөрүп бергени импичмент жүрүмүнө эч таасир этпейт. Трамп кызматтан кеткен күнү деле бул иш карала бермекчи.

6-январдагы башаламандыкка катышканы үчүн 60 кишиге айып тагылды жана 170 киши камакка алынды.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-55643442

Комментарий жиберүү