«Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишим эмнеге жашыруун түзүлгөн?

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

9-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу маалында депутаттар “Коопсуз шаар” долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер жашыруун макамга ээ экенин белгилешип, мунун себебине кызыгышты.

Тиешелүү тараптын өкүлү келишим эки жактын макулдугу менен ачыкка чыгарылаарын жүйө келтирди. Бирок, комиссия төрагасы, депутат Марлен Маматалиев келишимдин мазмунун элге ачык көрсөтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ушундай эле пикирди айткан депутат Мамасадык Бакиров долбоордун мөөнөтү, ага кеткен каражаттар жана башка милдеттемелерди камтыган келишим ачык көрсөтүлүшү керектигин айтып: “Эмнеге жашырып жатышат?” – деген суроо койду.

Муну менен катар депутат Мамасадык Бакиров жакында эле айрым айып пулдарды 70%га кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынганына токтолуп: “Анткени менен жол эрежесиндеги айрым мыйзам бузууларга карата чегерилүүчү айып пулдар азайтылган эмес. Ошондуктан, элге кайсы багыттагы айып пулдар азайтылгандыгы, кайсы багыттар боюнча мурдагыдай калтырылгандыгы боюнча так маалымат берүү керек”, – деди.

Андан тышкары, депутаттар талкуу маалында аталган комиссиянын иштөө мөөнөтүн 1 айга узартуу чечимине келишти. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү маалыматтар толук алынышы үчүн кийинки отурумдарга “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коомунун тиешелүү жетекчилеринин катышуусун камсыздоону талап кылышты.

Комментарий жиберүү