Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Эмнеге?

Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова маалымат жыйынында айтты.

Себеби башка вирустар сыяктуу эле COVID-19 менен ооруганда адамдын иммундук системасы өзгөчө жабыркайт жана ага кошумча таасир берүү жаңы ооруларга алып келиши мүмкүн.

Иммунологдун айтымында, иммунитетти көтөрүү үчүн атайын препараттарды ичүү иммундук системанын туруксуздугун күчөтөт.

Ошондктан, иммунитетти көтөрүүчү дары иммуностимуляторлор, чөптөр жана БАД кошулмаларын колдонууга болбойт! Иммундук система өзү  калыбына келет. Ал үчүн өз убагында 8 саат уктап, оор жумуштарды кылбай, туура тамактанып, сейилдеп, стресстен сактаныш керек. Иммунитет көтөрүлүп, калыбына келүүсү үчүн орточо эсеп менен 2-3 ай талап кылынат.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү