Коронавирустун омикрон штаммынын негизги белгилери айтылды

Габричевский Роспотребнадзор атындагы Москванын эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директорунун клиникалык иштер боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору Татьяна Руженцова РИА Новостиге берген маегинде коронавирустун омикрон штаммынын негизги белгилерин атады.

Анын айтымында, жаңы штамдын белгилерине катуу алсыздык, ысытма, баш оору, жөтөл жана табиттин жоголушу кирет.

“Азыркы учурда, оорунун жүрүшүн талдоо боюнча, биз биринчи кезекте бейтаптардын көпчүлүгүнөн катуу алсыздык же чарчоону, дене температурасынын 38 градуска чейин жана андан жогору көтөрүлүшүн, баш оору, табиттин төмөндөшү жана жөтөлдү байкадык”, – деди Руженцова.

Ошондой эле, ал бул белгилер өпкөнүн жана башка органдардын коронавируска мүнөздүү башка жабыркоолору менен коштолушу мүмкүн экенин эскертип, учурда жаңы штаммдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат аз экенин айтты.

Ошол эле учурда Новосибирск мамлекеттик университетинин бионанотехнология, микробиология жана вирусология лабораториясынын башчысы, вирусолог Сергей Нетесов тамактын оорушу, мурундун агышы жана тез-тез чүчкүрүү да жаңы омикрон штаммынын мүнөздүү белгилеринен болушу мүмкүн экенин билдирди.

Комментарий жиберүү