Коронавирустун «Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы 106 өлкөдөн аныкталганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

“2021-жылдын 21-декабрына карата “омикрон” штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн аныкталды”, – деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

Уюмдан кошумчалашкандай, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогорку бойдон калууда.

ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус буга чейин COVID-19дун жаңы штаммы “дельтага” караганда ылдамдык менен жайылып жаткандыгын айткан.

«Омикрон» штаммы биринчи жолу Түштүк Африкада жана Ботсванада пайда болгондугун британ окумуштуулары ноябрь айынын аягында билдиришкен. 8-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциянын жаңы варианты дүйнөнүн 57 өлкөсүндө табылганы тууралуу маалымат берсе, 12-декабрда уюм 63 өлкөдө аныкталганын билдирген.

ДССУ жаңы учурлардын саны бир жарым-үч күндө эки эсеге көбөйүп жатканын белгилеген.

Комментарий жиберүү