Коронавирус болгондор ысыкта эмне кылуулары зарыл?

Коронавирус жуктургандар же ага шектүү бейтаптар санитардык шарттарды тезинен сактоо менен биринчи кезекте дарыгерге кайрылышы керек.

Эгерде бейтапты жаткыруу сунушталбаса жана COVID-19дун жеңил түрү менен ооруп, айрым дарылардын рецепти берилсе дагы, бейтаптар үй шартында оорунун жеңилирээк өтүшү үчүн бир кандай сунуштар берилет. Коронавирус гриппке окшош белгилери менен башталып, температура, жыт, даам сезбей калуу, шалдыроо жана башка белгилери менен коштолоору анык.
Эң биринчи диета сунушталат, тагыраак айтканда таттуу, майлуу тамактарды токтотуп, жеңил шорпо, суп анан дагы эң негизгиси сууну көп ичүү керек. Ошондой эле лимон кошулган көк чай ичүү коронавирустун белгилерин жеңилдетет.
Жыт сезбей калуу менен бирге мурун көңдөйү, тамак ачышуу же кычышуу сезилиши мүмкүн. Ал үчүн, тамак көңдөйүн “фурацалин” менен чайкап, мурунду туздуу суу, же дарыя тузу бар мурун спрейлерин тез тез колдонуу сунушталат. Бул инфекциясы организмге кирген соң 4-5 күн инкубациядан өткөн соң, жыт сезбей калуу пайда болот деп айтылат. Албетте, температуранын пайда болушу менен инфекция организмге тарап, иммундук реакцияны пайда кылат. Ал үчүн иммундук коргонууну күчтөндүрүүчү витаминдерден же азыктардан жеш керек. Көпчүлүк учурда дарыгерлер  Витамин С, поливитамин же В комплекс витаминдерин сунушташат.
 Ковидде көбүрөөк эс алуунун ордуна колдон келишинче кыймыл-аракет жасоо бул ооруну жеңил өтүүсүнө жардам берет. Ал эми жыт сезбей калуудан биринчи мурун спрейин колдонуп, экинчиден жыттуу чөптөрдү, атырларды улам жыттап, жыт сезүү функциясын машыктыруу сунушталат. Ошону менен бирге сатурацияны тез-тез текшерип туруу керек. Эгер силер демди толук ала албай, терең дем алганда башыңар айланып кетип же жөтөл пайда болуп көкүрөк ооруп кете турган болсо, эң маанилүүсү; коркуп кетпегиле. Анткени коркуп кетүү өзү бул иммунитетти майтарат. Эң биринчиден, психологиялык жактан тынч болуу керек. Демди толук тарта албоо бул, ковидден кийинки кеспеттерден. Организмдеги инфекциянын айланышы жана кандын коюланышы жүрөктүн кан айлануусун оорлотот. Мында дарыгердин сунушу менен капельница алып коюу да ооруну жеңилдетет.
Ал эми аба температурасынын чектен аша ысыганы, айрыкча кандын коюланышына себептүү коронавирус кесепетине кошумча болоору белгилүү. Андыктан көп суу ичүүнү унутпаңыз. Канчалык көп суу ичип тердесе, ошончолук инфекциянын организмден чыгуусуна шарт түзөсүз. Саламатта болуңуздар!

Комментарий жиберүү