Коронавирус пандемиясы дагы канча жылга созулат? Окумуштуулардын божомолу

Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун (SAGE) окумуштуулары, адистери коронавирус пандемиясы канчага чейин созуларын божомолдошту.

Алардын пикиринде, COVID-19 кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат.

Алардын бул боюнча билдирүүсү уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

“SARS-CoV-2 саламаттыкты сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен маалыматтарга кеминде беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, адистер эгер эмдөө, эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциянын жайылышын глобалдык ооздуктоо боюнча иш-чаралар жетиштүү натыйжалуу болбосо, оору андан да көп убакытка созулушу мүмкүн экенин белгилешет.

Билдирүүдө ошондой эле оорунун жайылышын көзөмөлдөө үчүн 5-10 жылдын ичинде вакциналардын жардамы менен жамааттык имунитетти калыбында кармап турууга жана башка чараларды колдонууга аракет кылуу керектиги белгиленет.

Комментарий жиберүү