Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт.

Шаардык мэрия билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат.

24-январда башкалаадагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес.

Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү.

Кыргызстандагы жана Бишкектеги мектептер былтыр марттан тартып онлайн режимге өткөн. Башкалаада быйыл январда мектептердин көбү кайра кадимки тартипте иштей баштаган.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан көз жумгандардын саны 1400гө, илдет жугузуп алгандар 83 900 кишиге жетти.

https://www.azattyk.org/a/31067173.html

Комментарий жиберүү