Кремль: Орусия Европага газды бекер бербейт

Орусия кайрымдуулук кылып, Европаны жаратылыш газы менен бекер камсыз кылууну көздөбөйт, Москва эгер Евробиримдик газга рубль менен төлөөдөн баш тартса, кырдаалды изилдеп, андан аркы чечимдерди кабыл алат.

Бул тууралуу 28-мартта Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык PBS телекомпаниясынын эфиринде билдирди.

“Алар бул мүмкүнчүлүктөн баш тыртышса эмне болорун билбейм. Акыркы чечимди билээрибиз менен эмне кылса болорун изилдейбиз. Бирок, албетте, бул жаатта кайрымдуулук кылып, Батыш Европага газды бекер жөнөтпөйбүз”, – деди орус лидеринин расмий өкүлү.

“Төлөм жок болсо – газ да жок”, – деп эскертти Песков.

Эске салсак, 23-мартта Путин “дос эмес” өлкөлөргө газды рубль менен сатууну тапшырган.  Европанын айрым өлкөлөрү газ үчүн төлөмдү рубль менен төлөй албай турганын билдиришкен.

Комментарий жиберүү