Кремль: Путин Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн  лидерлери Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимди узартууда нота менен алмашууга канааттангандыктарын билдиришти. Ошондой эле эл аралык маселелердин ичинен АКШнын “Ачык асман” келишиминен бир тараптуу чыгуусу каралды.

Путин өз сөзүндө Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп бермек деп белгиледи. Тараптар ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык маселелерди, айрыкча  коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Путин Байденди президенттик кызматынын башталышы менен куттуктады. Ак үй Орусия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүлөрүн Байден демилгелегенин жана ал Путинге күндүн экинчи жарымында телефон чалганын маалымдады.

Комментарий жиберүү