Курмандыктар бар. Ейскте көп кабаттуу үйгө аскердик учак кулап түштү. Видео

 Кечээ, 17-сентябрь күнү кечинде Россиянын Краснодар крайынын Ейск шаарындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу аскердик учагы кулап түштү.

Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Кырсыктан улам көп кабаттуу үйдө ири  өрт чыккан. 19 адам жаракат алып, курман болгондордун саны 13кө жеткени, алардын үчөө жаш балдар экени айтылууда.

Маалыматка караганда, Түштүк аскердик округдун аскерий аэродромунан учуп чыккан Су-34 машыгуу учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган. 

https://t.me/sotaproject/48219?embed=1

Учкучтар катапульта жасап секирип кетүүгө үлгүрүшкөн. Алар учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткендиктен кыйроо болгонун айтышкан.

https://t.me/breakingmash/39156?embed=1

 Күбөлөрдүн айтуусунда өрт үйдүн тогуз кабатын каптаган жана ондогон батирлер күйүп кеткен. Үйдүн тургундары коопсуз жакка эвакуацияланган.

Россиянын президенти Владимир Путин учак кыйроосунан жабыркагандардын баарына керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырып, Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьевге, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жана ӨКМдин башчысы Александр Куренковго кырсык болгон жерге барууну тапшырды.

Комментарий жиберүү